Мекеменин маалыматына караганда, 28-мартта ички иштер бөлүмүнө арыз түшүп, анын негизинде укук коргоо кызматкерлери кызын сатууга аракет кылып жаткан аялды колго түшүрүшкөн.
Кармалган аялга карата "Адам сатуу" беренеси менен кылмыш иши козголуп, тергөө үчүн тиешелүү документтер райондук ички иштер бөлүмүнө өткөрүлүп берилген.