Тажикстандын Бокс федерациясынын маалыматына караганда, өлкө курамасына Сумая Косимова (-48 кг), Рухафзо Хакназарова (-50 кг), Мижгона Самадова (-57 кг) жана Шоира Зулкайнарова (-63 кг) кирди.
12 салмак категориясы боюнча өтө турган бул эл аралык мелдешке быйыл 93 өлкөдөн жалпысынан 400дөн ашык спортчу катышат деп күтүлүүдө. Чемпионаттын жалпы байге фонду 2,4 миллион долларды түзөт. Ар бир салмак категориясы боюнча жеңүүчүлөргө алтын медалдан тышкары 100 миң доллардан берилет. Күмүш медалга ээ болгондор 50 миң доллардан, коло тагынгандар 25 миң доллардан алышат.
Мелдештин алкагында Эл аралык бокс ассоциациясынын (AIBA) кезексиз конгресси өтүп, анын президенти жана директорлор кеңешинин мүчөлөрү шайланат деп күтүлүүдө. AIBA башчылыгына орусиялык Умар Кремлев менен нидерланддык Борис ван дер Ворст талапкер болууда.