Ссылки доступа

Маянаны жогорулатууну талап кылган мунайчылар Жаңы-Өзөндөн Нур-Султанга келишти


"Өзенмунайгаз" компаниясына жалданып иштеген "КЕЗБИ" мекемесинин бир нече мунайчысы Жаңы-Өзөндөн Нур-Султанга келип, бийликтен айлык акыны жогорулатууну талап кылды.  Алар 4-майда Энергетика министрлигине, Башкы прокуратурага жана "КазМунайГаз" компаниясына барышты.

Мунайчылардын бири Нурсултан Нурымов "Азаттыктын" казак кызматына билдиргендей, атайын комиссия арбитраждык келишимдин шарттарын аткарган эмес. Ал 3-майда жумуш берүүчү иш таштаган 21 кишини жумуштан кетиргенин кабарлады.

– Бул мекемеде 16 жылдан бери иштейм. Өндүрүш аймагындагы зыяндуу, уулу заттарды колубуз менен кармайбыз, бирок маянабыз башка компаниялардыкынан алда канча төмөн. Ошондуктан же маянабызды алар менен теңешсиң, же бизди "Өзенмунайгаз" компаниясына жумушка алышсын, - деди мунайчылардын бири Жолмурат Улыкпанов.

Жумушчулардын айтымында, шаршембиде Энергетика министрлигинин өкүлдөрү алардын талаптарын угуп, бир аз убакыт берүүнү өтүнүшкөн.

"КЕЗБИ" компаниясынын аткаруучу директору Ержан Кезбаев компания иш таштаган жумушчуларды сотко бергенин жана 21 киши жоопко тартылганын тастыктады.

– Он кишиге жумуштан чыгары тууралуу эскертүү берилди. Алар мыйзамды бузушту. Сот иш таштоону мыйзамсыз деп тапты. Булар ишке чыгуунун ордуна башка жумушчулардын арасында үгүт иштерин жүргүзүп жатышат, — деди Ержан Кезбаев.

18-апрелден бери Жаңы-Өзөндө "КЕЗБИ" компаниясынын жумушчулары маянаны көбөйтүү, эмгек шартын жакшыртуу талабы менен ишке чыкпай жатышат. Компания жетекчилиги мунайчылардын талабын аткаруу мүмкүн эместигин айтууда.

"КЕЗБИ" компаниясы 1992-жылы түптөлгөн, ал мунай скважиналарын оңдоо менен алектенет.

Видео

Видео

Кыргызча түш жоруган таластык немистер
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:26:10 0:00
XS
SM
MD
LG