Ссылки доступа

Тажикстандын бир катар аймагында сел жүрдү (видео)


4-майда нөшөрлөп жааган жаандан улам Тажикстандын бир катар райондорунда сел жана көчкү жүрдү.

Соцтармак колдонуучулары жарыялаган видеолордон селден Паянж районундагы көпүрөнүн жарактан чыкканын көрүүгө болот. Окуя 4-май күнү түштө болгон. Суу ташкынынан Паянж менен Жайкун районунун ортосундагы жол да зыянга учурады. Бул жол Паянжды Хатлон облусунун административдик борбору менен бириктирип турат.

Өзгөчө кырдаалдар комитетинин Куляб бөлүмү 4-майдагы селден 30 үй зыянга учураганын маалымдады.

Восей районунда да сел бир нече кой-эчкини агызып кетти. Соцтармактарда Согд облусунун бир нече райондорунда да суу ташкындары катталганы кабарланууда.

Тажикстандын Өзөчө кырдаалдар комитети 6-майга чейин өлкө аймагында туруксуз аба ырайы өкүм сүрүп, нөшөрлөп жамгыр жаап, күн күркүрөп, шамал болорун эскерткен.

XS
SM
MD
LG