Ссылки доступа

Нур-Султанда сүрөтчү Даурен Макин "терроризмди пропагандалоого" шектелип кармалды


Нур-Султандык сүрөтчү Даурен Макин "терроризмди пропагандалоого" шектелип камакка алынды. Бул тууралуу "Азаттыктын" казак кызматы сүрөтчүнүн атасы Аскарбек Макинге шилтеме кылып кабарлады.

Маалыматка караганда, Даурен Макиндин камакка алынганына дээрлик бир апта болуп калды. Анын иши боюнча тергөө иштерин Улуттук коопсуздук комитети жүргүзүп жатат.

"Уулум өткөн жылы декабрда "Арыстан" деген адам менен жолукканда мамлекеттик кызматкерлерди "каапыр" деп атап, бийликке каршы чыгууга чакырган деп айыпталып жатат. Анын саясатка эч кандай тиешеси жок. Намаз окуп жүргөн жөнөкөй эле сүрөтчү. Бул кылмыш эмес да", — деди Аскарбек Макин.

Адвокат Жасулан Комековдун айтымында, Даурен Макинге сүрөт тартууну үйрөнөбүз деп эки киши келип, аны менен болгон сүйлөшүүнү диктофонго жаздырып алышкан.

— Башка эч кандай далил жок. Бардык айыптоолор диктофонго жазылган делген сүйлөшүүлөрдүн негизинде токулган. Аны бизге угузушкан да жок. Жүргүзүлгөн экспертиза Макиндин сөздөрүндө терроризмди пропагандалоо бар деген жыйынтык чыгарыптыр. Анын коркутундусунда өкмөттү кулатып, ордуна шариаттын негизинде жаңы өкмөт түзүү тууралуу ой айтылганы жазылган, — деди ал.

Адвокаттын айтымында, сүрөтчү экспертизанын жыйынтыктары менен макул эмес жана көрсөтмө берүүдөн баш тартууда. "Азырынча биз иштин материалдары менен толук таанышып бүтө элекпиз", — деди адвокат.

"Поистине" сайтынын башкы редактору Руслан Айсиндин пикиринде, Даурен Макинге карата айыптоолор анын мессенджерлердин биринен келген билдирүүнү башка бирөөнө жөнөткөнүнө байланыштуу болушу мүмкүн.

Улуттук коопсуздук комитетинин басма сөз кызматы кат түрүндө расмий билдирүү жөнөтүүнү өтүнүп, Макиндин кармалышы боюнча комментарий берүүдөн баш тартты.

46 жаштагы Даурен Макин Казакстандагы белгилүү сүрөтчү. Анын "Наурыз", "Мастер" деген эмгектери Нур-Султандагы музейлерге коюлган. Ал көбүнчө улуттук жана тарыхый темаларда сүрөт тартат.

XS
SM
MD
LG