"Тарап жаткан маалымат чындыкка дал келбейт. Чек арада абал туруктуу, түштүктөгү чекти коргоо штаттык режимде ишке ашууда", - деп айтылат билдирүүдө.
Өзбекстан ТИМи Ооганстандын убактылуу өкмөтүнүн расмий өкүлү Забихулла Муджахед да интернет-аянтчаларында жарыяланган маалыматтарды четке какканын белгиледи.
Мурдараак соцтармак колдонуучулары ооган жалпыга маалымдоо каражаттарына шилтеме берүү менен чек арада ок атылганын, өзбек чек арачысы мерт болгонун кабарлашкан.