Ссылки доступа

Токаев Конституция боюнча референдумду 5-июнга белгиледи


Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Конституцияга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча жалпы элдик референдум өткөрүүнү 5-июнга белгиледи. Бул тууралуу жарлыкка ал 5-майда кол койду.

“Конституциялык реформа жалпы мамлекеттик моделди комплекстүү түрдө трансформациялоого багытталган. Өзгөртүүлөр “суперпрезиденттик” башкаруу формасынан таасирдүү жана отчёт бере турган өкмөтү бар президенттик башкарууга толук өтүүнү көздөйт”,-деди Токаев 5-майдагы видеокайрылуусунда.

Буга чейин Сенат менен Мажилистин депутаттары “Референдум өткөрүү жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизген. Ага ылайык, “Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаевдин макамын бүткүл элдик добуш берүүгө чыгарылбайт” деген норма жоюлган. Президент 5-майда бул мыйзамга да кол койду.

Токаев Казакстан элинин ассамблеясындагы апрелдеги кайрылуусунда Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча референдум өткөрүүнү сунуштаган.

Казакстандын Баш мыйзамына 2017-жылы киргизилген өзгөртүүлөрдө биринчи президент Нурсултан Назарбаевдин “Елбасы” макамы каралган. Конституцияны өзгөртүү боюнча азыркы жумушчу топ алгач анын “Елбасы” деген макамын алып, “көз карандысыз Казакстандын негиздөөчүсү катары” киргизүүнү демилгелеген.

Коомчулуктун сынынан кийин аталган топ биринчи президенттин макамын алып салууну чечти.

XS
SM
MD
LG