Ссылки доступа

Тажикстанда басма сөз эркиндигине байланыштуу абал оор бойдон


Тажикстанда Дүйнөлүк басма сөз эркиндиги күнүнө карата жыйын 5-майда өттү. Мурдараак бул күн Советтик басма сөз күнү катары белгиленип келген. 1912-жылы “Правда” гезити жарык көргөн.

Медиа өкүлдөрү сөз эркиндигине байланыштуу маселелерди талкуулашты. Журналисттер өз убагында маалымат алуу – негизги көйгөйлөрдүн бири бойдон калганын белгилешти.

Журналист Ёкуб Халимов кыргыз-тажик чек арасында чыккан ар бир жаңжалдан кийин тажик журналисттери күч түзүм өкүлдөрүнөн комментарий алуу кыйын экенине даттанышарын айтты. Деги эле өлкөдө бийлик өкүлдөрүнөн расмий маалымат алуу оңой эмес.

“Көптөгөн өлкөлөрдө журналисттер юридикалык жактардын тизмесин ала алышат. Тажикстанда 2018-жылга чейинки юридикалык жактар жөнүндө маалымат гана жеткиликтүү. Тендер жана мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө маалымат жок. Мамлекеттик каражат кайда кетип жатканы белгисиз. Журналисттер үчүн мамлекеттик органдар менен парламенттин эшиги жабык”, - деди Ёкуб Халимов.

Бирок Тажикстан парламентинин төмөнкү палатасынын депутаты Мужиба Жавхари өлкөдө жалпыга маалымдоо каражаттары менен журналисттердин тоскоолдуксуз иштөөсү үчүн бардык шарт түзүлгөнүн айтты. Анын билдиришинче, өлкөдөгү ЖМКлардын 71 пайызы – мамлекеттик эмес.

3-май – Бүткүл дүйнөлүк басма сөз эркиндигинин күнү. “Чек арасыз кабарчылар” эл аралык уюму жалпыга маалымдоо каражаттарынын эркиндигинин жылдык рейтингин чыгарган баяндамасын жарыялаган. Ага ылайык, 180 өлкөнүн ичинен Тажикстан 152-орунду ээледи. Кыргызстан 72-катарда турат.

XS
SM
MD
LG