Ссылки доступа

Байсалов манасчы Сыдыковдун өлкөдөн чыгып кетиши боюнча пикирин айтты


Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов манасчы Дөөлөт Сыдыковдун "кысымга кабылып өлкөдөн чыгып кеттим" деген билдирүүсүнө таң калып жатканын айтты.

Мындай пикирин "Азаттыкка" билдирип, "Манасты" жайылтууга өзгөчө көңүл буруп жаткан азыркы бийликтин тушунда андай болушу мүмкүн эместигин" белгиледи:

"Дөөлөт манасчынын жоругу - наадандык. Ага кысым же коркутуу болушун элестетүү да мүмкүн эмес. Таң калып жатам".

Бишкектеги “Манас айылынын” башчысы, манасчы Дөөлөт Сыдыков үй-бүлөсү менен өлкөдөн чыгып кеткенин 5-майда билдирген. Ал кайсы мамлекетке кеткенин жана анын себептерин түшүндүргөн жок. "Кысым болду" деген маалыматтарды тастыктап, бирок ким тараптан болгонун тактаган эмес.

Буга чейин ал Манас айылы маданий-этнографиялык комплексинин жерин белгисиз топ басып алууга аракет кылып жатканын билдирип, өлкө жетекчилерине кайрылган. Бул маселе Жогорку Кеңеште да көтөрүлгөн.

Журналист Али Токтакуновдун иликтөөсүндө "Манас" айылынын жери жаңы Ак үй сала тургандарга алмаштырыла турганын манасчы Дөөлөт Сыдыков айтып берген.

Президент Садыр Жапаров "Кабар" мамлекеттик агенттигине берген маегинде "Манас айылы" жаңыланып, анын маңдайына "Манас" театры салынарын айткан.

Кийин маданий комплексти жаңылоо боюнча жаңы долбоор иштелип чыкканы маалымдалган.

Комплекстин аянты 9 гектарга жакын.

XS
SM
MD
LG