Ссылки доступа

Ташкентте прокурордун жардамчысы пара менен кармалды


Өзбекстанда прокурордун жардамчысы 50 миң долларлык пара алып жаткан жеринен кармалганын 9-майда "Оздолик" өз булактарына таянып жазды.

Маалыматка караганда, окуя 29-апрелде борбор калаа Ташкенттин Үчтепе районунда болгон, бирок расмий органдар бул боюнча азырынча комментарий бере элек.

Райондук прокурордун жардамчысын Мамлекеттик коопсуздук кызматынын өкүлдөрү колго түшүргөнү, атайын кызматка бетон завод иштеткен ишкер кайрылганы, андан пара талап кылып жатышканын айтып даттанганы кабарланды.

Үчтепе районунун прокурору Алишер Караев бул кызматка 2019-жылы дайындалган. «Озодликтин» жеке булактарынын маалыматы боюнча, ал президенттик администрациянын жетекчиси менен тууганчылык байланышы бар адам.

Өлкө президенти Шавкат Мирзиёев кызматка жаңы киришкенде прокуратура органдарынын ишин кескин сынга алган. 2017-жылы 2-августта өткөн жыйында ал прокуратура кызматкерлерин “эң башкы уурулар” жана “чириген эски системанын калдыктары” деп атаган

Видео

Видео

Кыргызча түш жоруган таластык немистер
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:26:10 0:00
XS
SM
MD
LG