Расмий маалыматка караганда, шектүү быйыл март айында Турсунзаде шаарында кармалган. Ал кыздарга маянасы жогору жумуш убадалап, Түркияга жөнөтүп, ал жерден аларды сойкулук менен алектенүүгө мажбурлап жүргөн.
"Турсунзаденин тургуну төрт айдан бери түркиялык Юсую аттуу өнөктөшү менен кыздарды Ялова шаарына жөнөтүп, ал жерден алардын паспортторун тартып алып, коркутуу аркылуу сойкулук менен алектенүүгө мажбурлап келишкен. Мындай жол менен алардын ар бири 6 миң доллардан тапкан", - деп билдирди "Озоди" радиосунун ИИМдеги өз булагы.
Бейрасмий маалыматтарга ылайык, бүгүнкү күндө Түркияда Тажикстандын 10 миңге жакын жараны иштеп жүрөт. Бул эки өлкөнүн ортосунда виза режими жоюлган.
2021-жылы декабрда Тажикстанга бир жумалык сапар менен келген Бириккен Улуттар Уюмунун атайын баяндамачысы Шивон Маллалли бул өлкөдөгү адам сатууга байланышкан абалга тынчсыздануусун билдирген. "Мени чет өлкөлөрдөгү "маянасы жогору жумуштарга" макул болуп, адам сатуу менен алектенгендердин торуна түшүп калганын айткан тажик жарандарынын баяндары тынчсыздандырууда. Алардын көбү сексуалдык эксплуатацияга же мажбурлап иштетүүгө кабылышкан", - деген Маллалли.
Жыл сайын адам сатууга каршы күрөшүү тууралуу баяндама жарыялаган АКШнын Мамлекеттик департаменти былтыр бул көрүнүштү жоюу боюнча Тажикстан бийлигинин аракети жетишсиз болгонун билдирген.