"Мен бул жөнүндө жакшылап ойлонуп, Азия оюндарынан кийин Париждеги Олимпиадага даярданам деген чечим кабыл алдым", - деди Чусовитина.
Ал ортодо ушул күндөрү Ташкентте өтүп жаткан Өзбекстандын спорттук гимнастика боюнча чемпионатында Чусовитина тирөөч менен секирүү программасында жеңүүчү болгону кабарланды.
Чусовитина былтыр Токиодо өткөн Олимпиададан кийин спорттук карьерасын жыйынтыктай турганын айткан. Бирок кийинчерээк Азия оюндарына даярдыктарды баштаганын билдирген.
Оксана Чусовитина Олимп оюндарына сегиз жолу катышып, Гиннестин рекорддор китебине кирген.