Ссылки доступа

Токаев менен Мирзиёев телефондон сүйлөштү

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Өзбекстандын мамлекет башчысы Шавкат Мирзиёев менен телефондон сүйлөштү. Бул тууралуу Акордонун расмий сайты кабарлады.

"Президенттер Жеңиш күнүнө карата бири-бирин куттуктап, эки өлкөнүн элине бейпилдик каалашты. Мындын тышкары казак-өзбек стратегиялык өнөктөштүгүнүн азыркы абалы менен келечегин талкуулашты. Өзгөчө көңүл соода-экономикалык жана башка тармактар боюнча кызматташтыкты активдештирүүгө бурулду. Соңунда лидерлер ар тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү ниеттерин билдиришти", - деп жазылган билдирүүдө.

Акордонун маалыматына караганда, лидерлер ошондой эле аймактык кызматташтыктын актуалдуу маселелери, анын ичинде быйыл жайында өтө турган Борбор Азия өлкөлөрүнүн президенттеринин консультациялык жолугушуусу жөнүндө пикир алмашты.

​
XS
SM
MD
LG