Ссылки доступа

Душанбенин тургуну Донецкте туткунга түшкөн украин аскери анын тууганы экенин билдирди


Орус тараптын маалыматына караганда, Темур Шамсиев Донецк облусунда туткунга түшкөн
Орус тараптын маалыматына караганда, Темур Шамсиев Донецк облусунда туткунга түшкөн

Душанбенин тургуну Ниссо Шамсиева орус аскерлеринин туткунуна түшкөн украин аскери анын тууганы экенин билдирди.

Шамсиеванын айтымында, туткунга түшкөн Темур Шамсиев бала кезинде апасы менен Украинага кетип, көп жылдан бери Душанбедеги туугандары менен кабарлашпай калган.

"Мен дайыма социалдык түйүндөрдөн анын аты-жөнүн жазып издеп турчумун, бирок таба алган эмесмин. Кечээ ЖМКлардан Темур Шамсиев аттуу Тажикстанда туулуп-өскөн украин жоокери туткунга түшкөнүн угуп, ал таякемдин мен издеп жүргөн уулу экенин дароо сездим. Туугандарым сактап жүргөн кичинекей кездеги сүрөттөрү менен салыштырып, ошол экенине ынандым", - деди Шамсиева.

Анын айтымында, Темур эки жашында анын ата-энеси ажырашып, апасы уулун алып Украинанын Запорожье шаарына кетип калган.

"Темурду атасы өмүрү өткөнчө издеди. 2004-жылы ал каза болгондон кийин мен издей баштадым. Бир нече жолу жардам сурап Орусиянын Тажикстандагы 201-аскердик базасына, "Жди меня" телеберүүсүнө кат жазгам, бирок эч кандай майнап чыккан эмес", - деп кошумчалады Шамсиева.

Өткөн жумада орус аскерлери Донецк облусунун жикчилдер көзөмөлдөгөн районунда Тажикстанда туулуп-өскөн украин жоокери туткунга түшкөнүн билдиришкен. 3-майда орусиялык аскердик кабарчы Александр Сладков Telegram-каналына Темур Шамсиев менен болгон кыска маекти жана анын документтери тартылган видеону жарыялаган.

Орусиянын Украинага бастырып киргенине эки айдан ашты. Андан бери бул согушта Тажикстанда туулуп-өскөн, орус армиясында кызмат өтөгөн 10го жакын жоокер каза болду. Бүгүнкү күндө Украинадагы согушка тажик тектүү канча киши катышып жатканы так белгисиз.

XS
SM
MD
LG