"9-май тынчтык жана эркиндиктин жеңиши катары майрамдалып жаткан маалда, тилекке каршы, биз 1945-жылга чейин болгондой коркунучтуу актынын күбөсү болуп жатабыз: мамлекет коңшусун өзүнө баш ийдирип, анын аймагын күч менен басып алууга аракет жасоодо", — деп айтылат билдирүүдө.
АКШнын дипломатиялык миссиясынын маалыматына караганда, 530 миңден ашуун өзбекстандык АКШ, Улуу Британия жана башка союздаштары менен бирге Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда фашизмди жеңүүгө татыктуу салым кошкон:
"Бүгүн биз Өзбекстан менен АКШнын эзүүгө каршы жалпы тарыхын эскерип жатабыз. Көз карандысыз Өзбекстандын элине күч-кубат, ден соолук, тынчтык жана байгерлик каалайбыз".
Орусиянын президенти Владимир Путин да өзбекстандыктарды Эскерүү жана сый көрсөтүү күнү менен куттуктаган.
Өзбекстан президентинин маалымат кызматы Путиндин куттуктоосу жөнүндө кыска билдирүү таратты. Мирзиёевдин Москвага куттуктоо жолдогону жөнүндө маалымат айтылган жок.