Ссылки доступа

АКШ элчиси: Тажикстандагы тик учактар талибдерге берилбейт


АКШнын Тажикстандагы элчиси Жон Марк Поммершайм Вашингтон менен Душанбе Ооганстандан Тажикстанга келген аскердик авиатехниканын тагдыры жөнүндө сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын билдирди.

Былтыр августта “Талибан” кыймылы бийликке келгенден кийин ооган аскер кызматкерлери Тажикстанга 18 тик учакты айдай качкан. Буга чейин талибдер Тажикстан жана Өзбекстан өкмөтүнө кайрылып, техника азыркы ооган өкмөтүнө таандык экенин айтып, аларды кайтарып берүүнү сураган.

Жон Марк Поммершайм 10-майда Душанбеде өткөн маалымат жыйынында АКШ авиатехниканы “Талибан” кыймылына өткөрүп берүүгө ниети жоктугун айтты.

“Бул тик учактар “Талибанга” кайтарылып берилбейт, себеби аларга таандык эмес”, - деди элчи.

Америкалык дипломат Вашингтон менен Душанбенин сүйлөшүүлөрү боюнча кеңири маалымат берген жок.

Ай башында өзбек бийлиги Ооганстандан келген аскердик техника “Талибанга” кайтарылып берилбей турганын, себеби ал Кошмо Штаттардын менчиги экенин билдирген.

Быйыл январда "Талибан" Өзбекстан менен Тажикстандан Кабулдун мурдагы расмий адамдары бул өлкөлөргө таштап кеткен 40 тик учакты кайтарып берүүнү талап кылган. Анда талибдердин Коргоо министрлигинин өкүлү Иноятулла Хорезми алар ага чейин да тик учактарды Ооганстандагы азыркы өкмөткө кайтаруу өтүнүчү менен эки өлкөнүн бийликтерине бир нече жолу кайрылышканын айткан.

Кеп Өзбекстанга качып келген ооган аскерлери калтырып кеткен 22 учак жана 24 тик учак жөнүндө болууда. Мындан тышкары алар дагы 18 авиатехниканы Тажикстанга калтырып кетишкен.

XS
SM
MD
LG