Ссылки доступа

Казакстан президенти Түркияга барды


Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев 10-майда мамлекеттик сапар менен Анкарага келди.

Бул анын мамлекет башчы катары Түркияга жасаган алгачкы сапары.

Акорда билдиргендей, Токаевди аэропортто вице-президент Фуат Октай, Анкаранын губернатору Васип Шахин тосуп алды.

Эки күндүк сапардын алкагында Токаев Түркия президенти Режеп Тайып Эрдоган менен сүйлөшүп, бизнес-форумга катышып, Түркиядагы ишкерлер менен жолугушат.

Токаев менен Эрдоган эл аралык уюмдардын иш-чараларынын алкагында буга чейин да бир нече жолу кездешкен, бирок тар чөйрөдө сүйлөшүү болгон эмес.

Токаевдин Түркиядагы сапары Орусия Украина менен согушуп жаткан маалга туш келди.

Бир катар эксперттер Түркия үчүн Борбор Азиядагы түрк тилдүү өлкөлөр -Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан жана Түркмөнстан менен мамилени чыңдоого жакшы мүмкүндүк түзүлгөнүн белгилешүүдө. Москва болсо салттуу түрдө Борбор Азияны өзүнүн таасириндеги аймак катары санайт.

XS
SM
MD
LG