Ссылки доступа

Өзбекстанда жумуш берүүчүлөр кызматкерлерин жылына бир жолу өлкө ичине саякатка жөнөтүп турууга милдеттендирилди


Самарканддагы Шахи Зинда комплекси. 29-ноябрь 2019-жыл

Өзбекстанда жумуш берүүчүлөр 1-июндан тартып "Өзбекстанда саякатта" программасынын алкагында кызматкерлерине жылына бир жолудан өлкө ичинде саякаттоого мүмкүнчүлүк түзүп бериши керек. Тиешелүү токтомго президент Шавкат Мирзиёев кол койду.

Ага ылайык, саякаттоого кете турган чыгымдын бир бөлүгүн жумуш берүүчү бюджеттик эмес фонддордун же мыйзам менен тыюу салынбаган башка булактардын эсебинен төлөп берет.

Мындан тышкары 1-сентябрдан тарта Өзбекстанда ички туристтер үчүн кешбэктер киргизилет. Өлкө ичинде саякаттаган жарандарга темир жол, автобус жана аба каттамдары үчүн алган билет бааларынын 15%, мейманканалардагы чыгымдарынын 20% жана театр, музей, цирк, көркөм галереялардагы билет баасынын 50% кайра кайтарылып берилет.

Каржы министрлигине жарандардын саякат үчүн короткон акчасынын бир бөлүгүн кайтарып берүү үчүн республикалык бюджеттеги кошумча каражаттын эсебинен Туризмди колдоо фондуна быйыл 30 миллиард сум (2 миллион 700 миң доллар) бөлүү тапшырмасы берилди.

Өзбек өкмөтү мындай жол менен ички туризмди өнүктүрүп, жергиликтүү бюджетке түшкөн каражатты көбөйтүүнү пландап жатат.

Бул Шавкат Мирзиёевдин ички туризмди өнүктүрүүгө багытталган алгачкы жарлыгы эмес. Президент өткөн жылы "Зыярат кылуу туризмин өнүктүрүү жана зыяратчылар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү чаралары тууралуу" жарлыкка кол койгон.

Ал жарлыктын алкагында 2021-жылдан тарта Өзбекстанда Нооруз, Эгемендик күнү, Жаңы жыл, Орозо айт жана Курман айт майрамдарында жарандарга үч күндөн кем эмес алуу күнү белгиленет. Быйыл өзбекстандыктар Орозо айтта беш күн катары менен эс алышты.

Мындан тышкары Өзбекстанда беш иш күнүнөн кем эмес узактыктагы "Үй-бүлөлүк саякат үчүн өргүү" аттуу система киргизилген. Ал ата-энелер, жакын туугандар жана улгайган адамдар менен саякаттоого багытталган.

Туризм министрлигинин маалыматына караганда, Өзбекстандын жарандары жыл сайын чет өлкөлөргө барып, 1,1 миллиард доллардан ашык каражат коротушат. Алардын көбү Анталияда, Дубайда жана Ысык-Көлдө эс алышат.

2020-жылы БУУга караштуу Дүйнөлүк туристтик уюм (UNWTO) Өзбекстанды туризм тармагы тездик менен өнүгүп жаткан алдыңкы 20 өлкөнүн катарына киргизген.

Видео

Видео

Кыргызча түш жоруган таластык немистер
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:26:10 0:00
XS
SM
MD
LG