"Азыр биздин аймакта талаа иштери күчөп турган маал болгондуктан, уюштуруучуларга концерттерди кийинкиге жылдырууну сунуштадык. Мындан тышкары бул айда жергиликтүү бийлик да бир нече иш-чара өткөрүүнү пландаган, тургундарда концертке барууга мүмкүнчүлүгү болбой калат. Продюсерлер концерттерди 5-июндан кийин өткөрө берсе болот", - деди Тохирзода.
Маалыматка караганда, тажик ырчылары Зиёвиддин Нурзод менен Сурайё Абдуллаеванын 7-8-май күндөргө, Өзбекстандын эл артисти Фируза Жуманиёзованын 9-майга жана тажик ырчысы Нигина Амонкулованын 23-майга белгиленген концерттери болбой калды.
Акыркы жылдары Тажикстанда коронавирус пандемиясына байланыштуу ырчылардын концерттерине уруксат берилген эмес. Ошол эле маалда мамлекеттик майрамдарга карата бийлик уюштурган театралдаштырылган ири иш-чаралар талаа иштери менен пандемияга карабай өтүп келген.