Ссылки доступа

Өзбекстан менен Казакстандын ортосундагы темир жол байланышы 15-майда калыбына келет


15-майда Өзбекстан менен Казакстандын ортосундагы темир жол байланышы калыбына келет. Бул тууралуу "Өзбекстан темир жолдорунун" басма сөз кызматы кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, 15-майдан тарта "Нукус – Бейнеу – Нукус" жана 16-майдан тарта "Алматы – Ташкент – Алматы" багыттары боюнча поезддер аптасына үч жолудан каттай баштайт.

Буга чейин "Алматы – Ташкент – Алматы" темир жол каттамы 2-майда, "Нукус – Бейнеу – Нукус" каттамы 1-апрелде калыбына келери кабарланган. Бирок кийинчерээк Казакстан карантиндик чектөөлөргө байланыштуу бул мөөнөттөрдү жылдырган.

Өзбекстан менен Казакстандын ортосундагы темир жол байланышы коронавирус пандемиясынан улам 2020-жылы мартта токтотулган.

Казакстан 11-апрелде Өзбекстан менен чек арасындагы өтмөрмө бекеттердеги чектөөлөрдү алган. Ошол эле маалда жарандар үчүн коронавирус жок экенин ырастаган ПЧР-тест же ковидге каршы вакцина алгандыгы тууралуу документтерди көрсөтүү талабы сакталып калган.

Видео

Видео

 "Сен деп келген сапардан артка кайтпайм"
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:31:12 0:00
XS
SM
MD
LG