"29-апрелде УКМК кызматкерлери Сүлүктүдө мыйзамсыз иштеп жүргөн Тажикстандын 11 жаранын кармашты. Алардын баары Согд облусунун Жаббар-Расулов районунун Коргончо айлынын жашоочулары болгон", — деп айтылат маалыматта.
Билдирүүдө чет өлкөлүктөр өлкө аймагында мыйзамсыз жүргөнү белгиленген. Чек арадан мыйзамсыз өтүү фактысы боюнча кылмыш иши козголду. Кармалгандар УКМКнын тергөө абагына киргизилди.
2021-жылы Тажикстандын Согд облусунда чек арадан мыйзамсыз өтүү айыбы менен Кыргызстандын 39 жараны соттолгон.
Кыргызстанда да ондогон тажик жараны чек арадан мыйзамсыз өткөнү үчүн кесилген. Айрымдарына чек арадагы кагылышууларга байланыштуу айып тагылган.