Ссылки доступа

Москвада ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн лидерлеринин саммити өтөт


Президент Садыр Жапаров Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна (ЖККУ) мүчө мамлекеттердин башчыларынын кезектеги саммитине катышуу үчүн 15-майда Москвага учуп кетти. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Саммит 16-майда Москвада өтөт. Кыргызстандын расмий делегациясынын курамында тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев, президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Таалатбек Масадыков, Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Гүлнара-Клара Самат бар.

Иш-чаранын жыйынтыгында ЖККУнун 30 жылдыгына байланыштуу Жамааттык коопсуздук кеңешинин билдирүүсү кабыл алынат.

1992-жылы негизделген ЖККУнун курамында алты өлкө - Армения, Беларус, Казакстан, Кыргызстан, Орусия жана Тажикстан бар.

XS
SM
MD
LG