Ссылки доступа

Алматы прокуратурасы: Январь окуяларынан кийинки кыйноолор боюнча 87 иш тергелүүдө


Алматыда Январь окуяларынан кийин кармалгандардын кыйноого алынганына байланыштуу жазылган арыздар боюнча 87 кылмыш иши тергелип жатат. Бул тууралуу шаардык прокуратура кабарлады.

"Январь окуяларынан кийин Алматы шаарынын укук коргоо органдары кыйноо фактылары боюнча 87 кылмыш ишин козгогон. Учурда алар боюнча тергөө иштери жүрүп жатат", - деп билдирди шаардык прокуратуранын басма сөз катчысы Бауржан Тлендинов.

Ошол эле маалда ал тергөөнүн сырына таянып, бул иштер боюнча канча киши шектүү катары өтүп жатканы жана алардын канчасы камакка алынганы тууралуу суроого жооп берген жок.

Өткөн аптада Январь окуялары боюнча кармалгандан кийин кыйноого алынганына даттанган онго жакын киши шаардык прокуратуранын алдына чогулуп, арыздары боюнча тергөө иштери узакка созулуп кеткенине нааразылык билдирген. Алар мекеме өкүлдөрүн бул иштерди жакшылап тергөөгө жана ооруканада дарыланып жаткан адамдарды тергөө абагына алып кеткен тартип сакчыларын жоопко тартып, камакка алууга чакырышкан.

— Тергөө иштеринде эч кандай жылыш жок. Кыйноолорго байланыштуу бир да киши кармалган жок. Биз шектүүлөрдүн көбүн көрсөтүп бере алабыз. Жеке мен кармалгандарды кыйноого алган сегиз кишини билем. Башкалар да көбүн билишет. Бирок эч кандай иш жүргөн жок. Кечээ прокуратура өкүлдөрү жогорку жактан буйрук болгонун, мындан улам эч кимди камакка ала албай жатышканын айтышты, — деген январда кармалып, кыйноого алынганын айтып чыккан Акылжан Кисымбаев аттуу шаар тургуну.

Кыйноолор тууралуу арыз жазган жарандар күнөөлүү укук коргоо кызматкерлери жазасыз калышы мүмкүн деп тынчсызданып жатышат. Казакстанда кыйноолор боюнча козголгон кылмыш иштери сотко чейин сейрек жетет. Шектүүлөргө карата айыптоо өкүмү чыккан учурлар да өтө аз.

Буга чейин казак бийлиги Январь окуяларынан кийин кыйноолор тууралуу жазылган арыздар боюнча жалпысынан 200дөн ашык кылмыш иши козголгонун, алар боюнча болгону 11 укук коргоо кызматкери шектүү катары өтүп жатканын билдирген.

Расмий маалыматтар боюнча, Январь окуялары маалында каза болгон 238 кишинин бери дегенде эле сегизи камакка алынгандан кийинки "кыйноолордун жыйынтыгында" көз жумган.

Human Rights Watch эл аралык укук коргоо уюмунун 5-майда жарыяланган билдирүүсүндө Казакстан Январь окуялары боюнча тиешелүү деңгээлде тергөө иштерин жүргүзбөгөнү, ооруканада жаткан жарандар кармалып, кыйноого алынганы белгиленген.

XS
SM
MD
LG