Ссылки доступа

Казакстандагы автобус кырсыгында каза болгон өзбекстандыктардын сөөгү мекенине жеткирилди


Казакстандын Жамбыл облусундагы автобус кырсыгында каза болгон эки өзбек жаранынын сөөгү мекенине жеткирилди. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар кабарлашты.

Мындан тышкары 14-майда Өзбекстанга жаракат алган 23 жаран да жеткирилген. Алардын 18и ооруканага жаткырылып, калгандары үйлөрүнө кое берилген.

Ал ортодо Өзбекстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги автобустун Казакстандын ооруканасында жаткан дагы бир жүргүнчүсү каза болгонун, учурда анын сөөгүн Өзбекстанга алып келүү боюнча чаралар көрүлүп жатканын билдирди.

12-майда Алматы-Ташкент трассасынын Жамбыл облусундагы бөлүгүндө 53 жүргүнчүсү бар автобус кырсыкка учураганы, алардын 47си өзбек жараны болгону кабарланган. Болжолдуу маалыматтарга караганда, жаап жаткан жамгырдан жана мөндүрдөн улам автобус айдоочусу рулду башкара албай калып, ошол эле багытта бараткан трактордун чиркегичине сүзүлгөн.

XS
SM
MD
LG