Ссылки доступа

Өзбекстан инсулин өндүрүү боюнча дагы бир завод курууну пландап жатат


Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Анжияндагы инсулин өндүрүү заводунун ачылышында. 2018-жыл
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Анжияндагы инсулин өндүрүү заводунун ачылышында. 2018-жыл

Өзбекстандын өкмөтү өлкөдө инсулин өндүрө турган дагы бир ири завод куруу планы бар экенин билдирди.

Ташкент облустук акимчилигинин маалыматына караганда, инсулин өндүрүү боюнча долбоорду Өзбекстандын ZUMA-PHARMA жана Орусиянын "Герофарм" компаниялары биргеликте ишке ашырууда.

Орус компаниясы Өзбекстанда инсулин өндүрө тургандыгы жөнүндө маалыматтар алгач быйыл февралда пайда болгон. Анда Өзбекстандын Инвестициялар жана тышкы соода министрлиги менен биотехнологиялык "Герофарм" компаниясынын ортосунда инсулин өндүрүү долбоорун иштеп чыгууну баштоо тууралуу макулдашууга кол коюшкан.

Апрелдин аягында өткөн "Иннопром. Борбор Азия" деп аталган өнөр-жай көргөзмөсүндө ZUMA-PHARMA жана "Герофарм" компаниялары инсулин өндүрүү боюнча келишимге кол койгону кабарланган.

Расмий маалыматтарга караганда, учурда заводду курууга даярдыктар көрүлүүдө. Бирок азырынча завод кайсыл жерге жана качан курулары, ал канча продукция чыгарып, аны бейтаптар качан колдоно баштай турганы жөнүндө эч кандай маалымат жок.

Ташкент облустук акимчилигинин аты-жөнүн билдиргиси келбеген кызматкеринин айтымында, бийлик инсулин өндүрүшү үчүн шаардын Алмалык районундагы заводдордун бирин берүүнү пландап жатат.

Расмий маалыматтарда көрсөтүлгөн ZUMA-PHARMA компаниясы Өзбекстандын фармацевтикалык базарында 2011-жылдан бери иштеп келаткан UZGERMED PHARM компаниясынын туундуу ишканаларынын бири болуп эсептелет.

Орусиянын "Герофарм" компаниясы биотехнологиялык препараттарды өндүрүү менен алектенет. Расмий маалыматтар боюнча Өзбекстанда бул компания чыгарган дары-дармектерге суроо-талап чоң.

Эгер өзбек бийлиги пландап жаткан завод курулса ал инсулин чыгаруу боюнча Өзбекстандагы экиинчи расмий завод болуп калат. 2018-жылы Анжиянда курулган "Борбор Азиядагы инсулин өндүрүү боюнча жалгыз завод" бүгүнкү күнгө чейин ишке кире элек. Ал болжол менен жылына 10 миллион флакондон инсулин чыгарып турары кабарланган.

Өзбекстандын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, өлкөдө кант диабети менен ооруган 245 миңден ашык жаран бар. Мамлекеттик программанын алкагында аларга инсулин бекер берилет.

XS
SM
MD
LG