Ссылки доступа

Тажикстанда кайрадан ун кымбаттады (видео)


Тажикстанда 50 килограммдык бир кап ундун баасы 320-330 сомониден 350 сомониге чейин (25-28 доллар) жогорулады. Казакстандын өндүрүшүндөгү ун 380 сомониден сатылууда.

Бул Тажикстанда акыркы эки айдын ичинде ундун экинчи жолу кымбатташы – март айында 50 килограммдык бир кап ундун баасы 270-280 сомониден 290-325 сомониге чейин жогорулаган.

Почему мука вновь подорожала?
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:02:21 0:00

Тажикстан буудайды негизинен Казакстандан жана бир аз өлчөмдө Орусиядан импорттойт. Өткөн айда Казакстандын Айыл чарба министрлиги өлкөдөн буудай жана ун чыгарууга чектөө киргизген. 13-майда Тажикстандын Монополияга каршы күрөшүү кызматы ундун кымбатташы казак бийлигинин апрелдеги чечимине байланыштуу экенин билдирди.

"Казакстандан келген бир тонна буудайдын баасы 365-385 долларга чейин жогорулады. Бул чектөөлөр убактылуу болгону менен процесске Орусия менен Украинанын ортосундагы жаңжал да таасир эте турганын эстен чыгарбоо керек", - деди мекеменин аты-жөнүн билдиргиси келбеген кызматкери.

Соодагерлер учурда базарларда ата мекендик өндүрүштөгү ун гана сатылып жатканын билдирүүдө. "Бизде Казакстандын уну жок. Ал 350 сомониден 380 сомониге чейин кымбаттап да кеткен. Биздин 335 сомониден сатылып жаткан унубуздун баасы 350 сомониге чейин жогорулады", - деди Душанбедеги базарлардын биринде иштеген Зухур Фозилов аттуу соодагер.

Анын айтымында, ундун кымбатташына импорттун азайышынан тышкары сезондук фактор да таасир этүүдө.

"Азыр кампалардагы буудайдын запасы азайды. Бул жыл сайын болуп келген көрүнүш. Жылда ушул мезгилде ун 10-15 сомониге кымбаттайт. Эми жаңы түшүмдү күтүү керек, ага дагы 1-1,5 ай бар", - деп кошумчалады Фозилов.

Тажик бийлигинин маалыматына караганда, өлкөдө калктын унга болгон бир жылдык муктаждыгы 700 миң тоннаны түзөт. Расмий маалыматтар боюнча Тажикстан жыл сайын Казакстандан 1 миллион тоннага чейин буудай импорттойт.

XS
SM
MD
LG