Ссылки доступа

Казакстанда Январь окуясынан кийин кармалган мурдагы коргоо министри 15 жылга чейин соттолушу мүмкүн


Казакстандын мурдагы коргоо министри Мурат Бектанов 7ден 15 жылга чейин соттолушу мүмкүн. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар кабарлады. Бектанов кандуу январь окуяларынын кийин кармалган.

Казакстандын Башкы прокуратурасы "Казинформ" расмий агенттигине билдиргендей, 19-февралдан бери Бектановго карата Кылмыш кодексинин “Уруш учурунда бийлигин ашыра пайдалануу” беренесинин негизинде сотко чейинки териштирүү жүрүп жатат. Мыйзамда бул берене боюнча 7ден 15 жылга чейин эркинен ажыратуу, мүлкүн конфисакциялоо, айрым кызматтарда иштөөгө өмүр бою тыюу салуу каралган.

Февралда мурдагы министр “кызматтагы аракетсиздиги” үчүн да айыпталып жатканы кабарланган. Президент Касым-Жомарт Токаев январь окуялары учурунда Куралдуу күчтөр “ишенимсиз жана демилгесиз жетекчинин айынан алдына койгон максатты ар-намыстуулук менен аткара албаганын” билдирген.

"Министр Бектанов колбашчылык сапатын көрсөтө алган жок. Машыгуулар учурунда жакшы жыйынтыктарды көрсөткөн армия туруп, кыйын кырдаалда анын дараметин пайдалана албай, тыштан жардам суроого аргасыз болдук", - деген Токаев.

56 жаштагы Мурат Бектанов 20-февралда кармалган. Ал коргоо министри кызматына 2021-жылы август айында дайындалган.

XS
SM
MD
LG