Ссылки доступа

Жаңы-Өзөндө Нур-Султанга бармак болгон муначылар кармалды


Өткөн ишемби күнү Жаңы-Өзөн шаарында полиция Нур-Султанга барып, нааразылык билдирип жаткан кесиптештерине колдоо көрсөтмөк болгон бир нече мунайчыны кармап, учактар учуп кеткен соң бошоткону белгилүү болду.

Бул тууралуу “Азаттыктын” казак кызматына “Кезби” мекемесинин мунайчысы Жанболат Султанмуратов кабарлады. Анын айтымында, өзүнөн башка Кайрат Бесинбаев, Галымжан Танбаев жана Нурсултан Даулетов да кармалган.

- 14-май күнү таңкы 6да полиция атайын эки жасоолдун коштоосунда келип, эч нерсе айтпастан полиция бөлүмүнө алып кетти. Ал жерде “борборго барасыңбы, иш таштагандарды колдойсуңбу?” деген суроолорду беришти. Саат 11де учагыбыз учуп кеткенден кийин бошотушту, -деди ал.

Мунайчылар 14-майда эртең менен Актау шаарынан Нур-Султанга учмак. Алдын ала алып койгон билеттери жараксыз болуп калды. Алар Нур-Султанга барышары тууралуу жумуш берүүчүгө алдын ала айтышканын билдиришти.

"Кезби" компаниясынын жумучулары бир айдан бери Нур-Султанда жүрүшөт. Алар талаптары аткарылмайынча үйлөрүнө кетпей турганын айтышууда. Мунайчылар маянасын 20 пайызга көбөйтүүнү, эмгек шартын жакшыртууну талап кылышууда. Мындан тышкары нааразылык акциясын өткөргөнү үчүн иштен айдалган 18 кишини кайра ишке алууну сурашууда.

Жумушчулардын айтымында, учурда алардын орточо айлык акысы 200 миң теңгени (460 доллар) түзөт.

16-майда Эмгек жана калкты социалдык жактан коргоо министрлиги жетектеген комиссия өз ишин баштады. Алардын иши канча мөөнөттө жыйынтыкталары айтылган жок.

XS
SM
MD
LG