“Мурда басылма Тоолуу Бадахшандагы окуяларды “бир тараптуу” чагылдырып, өлкөдөгү абалды туруксуздаштырып жатканы жөнүндө Башкы прокуратурадан расмий эскертүү жана башка мамлекеттик түзүмдөрдөн бейрасмий эскертүүлөрдү алган. “Азия-Плюска” бул “кемчиликтерди жоюу” керектиги айтылып, болбосо басылма жабылып калуу коркунучуна кептелери эскертилген”, - деп белгилеген агенттик.
Бийликтин “кемичликтерди жоюу” дегени эмнени билдирери белгисиз.
Тоолуу Бадахшан автоном облусунун борбору Хорог шаарында 16-майдагы нааразылык акциясында бир кишинин өмүрү кыйылган. ИИМдин маалыматы боюнча милициянын үч кызматкери жаракат алган. 14-майда да Хорог шаарынын жүздөгөн тургуну митингге чыгып, автоном облустун башчысы Алишер Мирзонаботанын жана шаардын мэри Ризо Назарзоданын отставкага кетишин, шаардын борбордук бөлүгүндөгү блокпостторду алып салууну, Бадахшандын тургундарын куугунтуктоону токтотууну талап кылышкан.
Тажикстандын бийлиги сөз эркиндигин чектегени, көз карандысыз ЖМКларга кысым көрсөткөнү үчүн сынга алынып келет.
“Азия-Плюс” агенттиги окуяларды тажик, орус жана англис тилдеринде чагылдырган Тажикстандагы эң популярдуу ЖМКлардын бири. Буга чейин тажик бийлиги жергиликтүү басылмаларга Бадахшандагы жана Украинадагы окуяларды чагылдырууга тыюу салганы айтылган.