Ссылки доступа

"Өзбеккосмос" британиялык OneWeb компаниясы менен кызматташат


OneWeb спутниги

"Өзбеккосмос" агенттиги төмөнкү орбиталуу спутник байланыш кызматтарын көрсөткөн британиялык OneWeb компаниясы менен кызматташтык тууралуу меморандумга кол койду. Бул тууралуу агенттиктин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, тараптар Өзбекстандын алыскы аймактарын жогорку ылдамдыктагы интернет менен камсыз кылуу боюнча иш алып баруу ниеттерин билдиришти.

Меморандумдун алкагында "мамлекеттин OneWeb'дин жеткиликтүү спутниктик сыйымдуулугун колдонууга болгон негизги суроо-талабын аныктоо" маселеси да каралган.

"Өзбеккосмос" менен OneWeb компаниясы "OneWeb'дин сигналды аз жоготуу жана жогорку ылдамдыкта өткөрүү жөндөмдүүлүгүнө ээ төмөнкү орбиталдуу телекоммуникациялык спутник системаларын колдонуу боюнча" экспертизалык борбор түзүүнү да макулдашты.
Мындан тышкары тараптар OneWeb спутник байланышын алыскы калктуу конуштарды жана экономиканын түрдүү тармактарындагы ишканаларды жогорку ылдамдыктагы интернет менен камсыз кылуу үчүн пайдалануу жолдорун иштеп чыгышат.

"Өзбеккосмостун" башкы директору Шухрат Кадировдун айтымында, өлкөдө OneWeb'дин телекоммуникациялык сервистеринин жеткиликтүү болушу – маалыматтык технологияларды өнүктүрүү жана алыскы райондорду инновациялык байланыш кызматтары менен камсыз кылуу программаларында каралган иштерди натыйжалуу аткарууга мүмкүндүк берет.

Буга чейин Өзбекстандын Маалыматтык технологияларды өнүктүрүү министрлиги жана "Өзбеккосмос" агенттиги SpaceX компаниясынын өкүлдөрү менен өлкөгө Starlink долбоорун тартуу жана Өзбекстанда анын өкүлчүлүгүн ачуу ыктымалдуулугун талкуулаганы кабарланган.

Видео

Видео

Турист тартуу максатын көздөгөн шырдак фестивалы
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:04:03 0:00
XS
SM
MD
LG