Ссылки доступа

Казакстанда тоют базасы бар фермерлерге гана мамлекеттик колдоо көрсөтүлөт


Казакстандын айыл чарба министри Ербол Карашукеев 17-майдагы өкмөт жыйынында мал чарбасын колдоодогу алешемдиктер жөнүндө айтты.

Министр кепилдендирген тоют базасы жок иштеген айыл чарба субъектилерине мамлекеттик колдоо көрсөтүүнү “максатка ылайыксыз” деп атады.

“Айыл чарба боюнча субсидия алгандарга тоют өндүрүү кубаттуулугу жана талаада тоютту которуштуруп айдоо боюнча милдеттүү талап коюлат”, - деди Карашукеев.

Министрдин айтымында, өлкө катуу тоют менен 80 пайыз, ширелүү тоют менен 40 пайыз, нык тоют менен 50 пайыз камсыздалган.

Карашукеев жем-чөптүн жетишсиздигин мал чарбасын өнүктүрүүнү тездетүүгө кедергисин тийгизип жаткан негизги фактор деп атады. Анын айтымында, жыл сайын тоют зоотехникалык нормадан эки эсе аз өндүрүлүүдө.

Өткөн апта соңунда айыл чарба министри быйыл Маңгыстау облусундагы фермерлерге тоют арзан баада берилерин айткан.

2021-жыл кургак жана ысык болгондуктан Казакстандын бир катар аймактарында чөп өспөй, мал жапырт кырылган.

XS
SM
MD
LG