Ссылки доступа

Нур-Султандагы "ийгиликтүү" сүйлөшүүдөн кийин "КЕЗБИ" мунайчылары Жаңы-Өзөнгө кайтышты


Май айынын башынан бери Нур-Султанда жүргөн "КЕЗБИ" ишканасынын мунайчылары "КазМунайГаз" компаниясынын өкүлдөрү менен сүйлөшкөндөн кийин 17-майга караган түнү Жаңы-Өзөн шаарына учуп кетишти.

Ulysmedia сайты аэропорт имаратынын жанында турган 20га жакын мунайчынын сүрөтүн жарыялап, алар дүйшөмбү күнү кызмат адамдары менен болгон сүйлөшүү "мунайчылардын 90% жеңиши менен аяктагынын" айтышканын кабарлады.

"КЕЗБИ" компаниясынын Есенжан Абдрахимов аттуу кызматкери "Азаттыктын" казак кызматына берген маегинде мунайчылар 17-майга караган түнү Жаңы-Өзөн шаарына учуп келишкенин ырастады. Ал жумушчулар "КазМунайГаз" компаниясынын өкүлдөрү менен жолукканын, бирок эч кандай жазуу түрүндө кепилдик алышпаганын билдирди. Абдрахимовдун айтымында, мунайчылар сүйлөшүү тууралуу бүгүн кечинде кеңири маалымат берет деп күтүлүүдө.

"КазМунайГаз" компаниясынын басма сөз кызматы бул боюнча журналисттерге кийинчерээк маалымат берүүнү убадалаган.

"КЕЗБИ" мунайсервис компаниясынын жумушчулары акыркы бир нече күндөн бери Эмгек жана калкты социалдык жактан коргоо министрлигинин имаратынын алдына түнөп, андан соң "КазМунайГаз" компаниясынын кеңсесине барышкан. Жаңы-Өзөндөн келген мунайчылар маянаны көбөйтүүнү талап кылып, Эмгек министрлиги сунуштап жаткан 15% жогорулатууга макул эмес экендиктерин билдиришкен.

Жаңы-Өзөндө "КЕЗБИ" компаниясынын жумушчулары төрт жумадан бери иш таштап жатышат. Алар айлыкты жогорулатуудан тышкары эмгек шарттарын жакшыртууну жана "Озенмунайгаз" компаниясынын штатына кабыл алууну талап кылууда.

1992-жылы негизделген "КЕЗБИ" компаниясы мунай өндүргөн "Озенмунайгаз" ишканасынын скважиналарын оңдоо менен алектенет.

"КЕЗБИнин" жумушчулары былтыр жай жана күз мезгилдеринде да бир нече жолу айлыкты жогорулатуу талабы менен иш таштоого барышкан. Анда алардын талаптары жарым-жартылай аткарылган.

XS
SM
MD
LG