Ссылки доступа

Казакстанда Tenge Oil & Gas жумушчуларынын иш таштоосу үч жумадан бери уланууда


Казакстандын Маңгыстау облусундагы "Тенге" мунайгаз кенин иштеткен Tenge Oil & Gas компаниясынын жүзгө жакын кызматкери дээрлик үч жумадан бери ишке чыкпай, маянаны жогорулатууну талап кылууда.

Маалыматка караганда, жумушчулар жалпысынан 14 талап коюшкан. Алардын ичинде айлыктарды жогорулатуудан тышкары ишкананын директорун, анын орун басарын, каржы маселелер боюнча директорун иштен алуу, жумушчуларга сыйакы төлөө, 13-айлыкты киргизүү, иштин зыяндуулугу жана ашыкча иштегендер үчүн кошумча акы төлөө, тамак-ашты жана санитардык шарттарды жакшыртуу талаптары бар.

Жумушчулардын айтымында, 18-апрелде алар компания жетекчилигине жамааттык кайрылуу жолдошкон, бирок жумуш берүүчү коюлган талаптарды аткаруудан жана макулдашуу комиссиясын түзүүдөн баш тарткан. 28-апрелде жумушчулар өлкө президенти Касым-Жомарт Токаевге, Маңгыстау облусунун акими Нурлан Ногаевге жана ишкананын башкы кеңсеси жайгашкан Жаңы-Өзөн шаарынын башчысы Айбек Косауовго видеокайрылуу жасашкан.

11-майда жумушчулар дагы бир жолу видеокайрылуу жасап, президентти кырдаалга кийлигишүүгө, мажилис депутаттарын Жаңы-Өзөнгө келип, талаптардын аткарылышына көмөктөшүүгө чакырышкан.

"Ишкананын 150дөй кызматкеринин 110у жумушчу болсо, алардын 90го жакыны ишке чыккан жок. Ишкана ишин толук токтотту. Азыр жетекчилер акы төлөнбөгөн эмгек өргүүсүндө", — деди өзүн Сабит Истурнов деп тааныштырган жумушчулардын бири.

Tenge Oil & Gas компаниясынын башкы директору Кайрош Айтжанов кызматкерлердин бир бөлүгү акы төлөнбөгөн эмгек өргүүсүнө чыкканын ырастады. Ал ишкана 11-майдан бери "бир тамчы да" мунай өндүрбөгөнүн кошумчалады.

"Биздин ишкана анча чоң эмес болгондуктан, жумушчулар талап кылып жаткандай "Озенмунайгаздын" деңгээлиндеги айлыктарды төлөп берүүгө мүмкүнчүлүгүбүз жок. Ошол эле маалда алардын тиешелүү санитардык-гигиеналык шарттарды түзүү сыяктуу талаптарын орундуу деп эсептейбиз. Бирок бул маселени чечүү үчүн тиешелүү объектилерди курууга уруксат алуу керек болууда", — деди Айтжанов.

Видео

Видео

Турист тартуу максатын көздөгөн шырдак фестивалы
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:04:03 0:00
XS
SM
MD
LG