Соцтармактарга жарыяланган видеолордон жумушчулар Nest One имаратынын жанындагы жолду бөгөп турганын көрүүгө болот.
Кийинчерээк Nest One'дын администрациясы жумушчулардын нааразылык акциясына айлыктын кечиктирилиши себеп болгонун ырастады.
"Ички эмгек тартибине ылайык, жумушчуларга маяна ар бир айдын 12сине чейин берилет. Бирок май айында ички процедуралык себептерден улам айлык 4-5 күнгө кечигип калды. Кечээ бардык жумушчуларга 17-майда акча түшөт деп маалымат бергенбиз жана алар эртең менен ала башташкан", – деп билдирген компания өкүлү Gazeta.uz сайтына берген маегинде.
Ташкент шаардык ички иштер башкармалыгы акция маалында жабыркагандар болбогонун, жумушчулар иштерине кайтканын билдирди.
Nest One имаратынын бийиктиги 266,5 метрди түзөт. Ал 51 кабаттан туруп, Борбор Азиядагы эң бийик имарат болот деп күтүлүүдө. Жергиликтүү Murad Buildings жана түркиялык Özgüven Mimarlık компаниялары ишке ашырып жаткан долбоордун жалпы баасы 150 миллион АКШ долларына жетет.