Ссылки доступа

Түркмөнстандан дагы 490 этникалык казак чыгып кетет


Түркмөнстандан Казакстанга көчүп барган этникалык казактарды жакындары тосуп алууда. 13-май 2021-жыл

Июндун башында Түркмөнстанда жашаган 490 этникалык казак биротоло Казакстанга көчүп кетет. Бул тууралуу Turkmen.news сайты "Түркмөн темир жолдору" агенттигине шилтеме кылып кабарлады.

Басылманын маалыматына караганда, 2-июнда "Түркмөн темир жолдору" "Түркмөнбашы – Берекет – Серхетяк – Болашак" багыты боюнча атайын каттам уюштурат. Мындай чечимди Түркмөнстандын Өзгөчө кырдаалдар комитети Казакстандын Ашхабаддагы элчилигинин өтүнүчү менен 11-майда кабыл алган.

Казакстандын өкмөтү чет өлкөлөрдө жашаган этникалык казактардын мекенине кайтуусуна мүмкүнчүлүк берген атайын программаны ишке ашырып келет. Ага ылайык, туруктуу жашоо үчүн Казакстанга көчүп барууну каалаган казактарга "кандаш" макамы берилет.

Turkmen.news агенттигинин кабарлашынча, 2021-жылы февралда Түркмөнстанда жашаган 160тан ашык этникалык казак тарыхый мекенине көчүп кеткен. 2020-жылы 319 киши Түркмөнстандын жарандыгынан баш тартса, алардын 70и этникалык казактар болгон.

"Азаттыктын" казак кызматы 2021-жылы Түркмөнстандан Казакстанга 200дөн ашык этникалык казак көчүп барганын кабарлаган.

«Ком в горле от радости». Казахи из Туркменистана ступили на родную землю
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:02:28 0:00

Быйыл жыл башынан бери Казакстанга көчүп барууну каалаган дээрлик 2 миң кишиге "кандаш" макамы берилген. Кийин алардын көбү Алматы жана Маңгыстау облустарына жайгаштырылган.

Видео

Видео

Турист тартуу максатын көздөгөн шырдак фестивалы
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:04:03 0:00
XS
SM
MD
LG