Ссылки доступа

Тажик ИИМи Тоолуу Бадахшанда антитеррордук операция башталганын билдирди


Архив сүрөт
Архив сүрөт

Тажикстандын бийлиги Тоолуу Бадахшан автоном облусунда "антитеррордук операция" башталганын жарыялады.

Өлкөнүн Ички иштер министрлиги (ИИМ) 18-май күнү эртең менен тараткан билдирүүдө Рушан районунда автоном облустун борбору Хорог шаарына бараткан жолду бөгөгөн тургундар менен өкмөттүк күчтөрдүн ортосунда кагылышуу болгону жазылган.

Мекеме курмандыктар жөнүндө эч нерсе кабарлаган эмес. Айрым маалыматтар боюнча кагылышуу маалында бир нече киши жаракат алды.

ИИМ "17-майда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү коомдук-саясий кырдаалды туруксуздаштыруу максатында Душанбе-Кульма эл аралык автожолун мыйзамсыз бууп салышты" деп билдирди.

Мекеме ал окуяга чет өлкөлүк күчтөр аралашканын, курал-жарак сырт жактардагы уюмдардан алынганын, теракттарды, чагымчыл аракеттерди жасоо үчүн согушкерлер жалданганын кошумчалады. Ошол эле маалда ал кайсы уюмдар экени так айтылган жок.

Тоолуу Бадахшандагы окуяларды чагылдырып жаткан айрым маалыматтык сайттар кагылышууда оор курал-жарак колдонулганын билдирүүдө. Азырынча бул маалыматты башка булактардан ырастоо мүмкүн болбой жатат. Учурда аймакта интернет өчүрүлгөн.

Күн мурун Тажикстан ИИМи 16-майда облус борбору Хорогдо милицияга кол салгандардын бири, жергиликтүү тургун каза тапканын билдирген.

16-майда милиция шаар борборуна багыт алган жаштардын тобун токтотуу үчүн көздөн жаш чыгаруучу газ жана желим окторду колдонгону кабарланган.

Андан мурда, 14-майда Хорог шаарынын жүздөгөн тургуну митингге чыгып, Тоолуу Бадахшан автоном облусунун башчысы Алишер Мирзонаботтун жана шаардын мэри Ризо Назарзоданын отставкага кетишин, шаардын борбордук бөлүгүндөгү блокпостторду алып салууну, Бадахшандын тургундарын куугунтуктоону токтотууну талап кылышкан.

Автоном облустун бийлиги митингчилердин аймактын жетекчилерин кызматтан алууга байланыштуу талабын "мыйзамсыз" деп мүнөздөп, аны аткаруудан баш тарткан. Митингдин катышуучуларынын бири талаптар аткарылмайынча нааразылык акциялары улана берерин "Озоди" радиосуна айткан.

XS
SM
MD
LG