— Кумшекер биржа товары болуп эсептелет. Ошондуктан анын баасы биржадагы соодалашууларга жараша болот. Алсак, тростник кантынын баасы Лондон биржасында, кумшекердики Нью-Йорк биржасында аныкталат. Азыр кумшекердин кымбатташы дүйнөлүк тенденция. Буга байланыштуу биздин заводдордо да баалар жогорулады, — деди Карашукеев.
Өткөн жумада Казакстандын Айыл чарба министрлиги 23-майдан тарта жарым жылга чейин өлкөдөн ак жана камыш кантын алып чыгууга тыюу салынарын билдирген. Тиешелүү буйрукка мекеме башчысы Ербол Карашукеев кол койгон.
2021-жылы Казакстанга 506,9 миллион тонна кумшекер жана чийки зат алынып келинген. Алардын жарымы — 275,8 миллион тонна Орусиядан ташылган.
Украинадагы согушка байланыштуу Москвага каршы санкциялар киргизилгенден кийин Орусия азык-түлүктүн бир нече түрүнүн, анын ичинде кумшекердин экспортун чектеген. Мындан улам март айында Казакстандын бир катар аймактарында кумшекер баасы кыйла жогорулаганы байкалган.
Казакстан кумшекерди негизинен Беларустан, Бразилиядан жана Мексикадан экспорттойт.