Мектептерде акыркы коңгуроо 8:00ден 8:45ке чейин болуп, анда талантуу бүтүрүүчүлөр сыйланат.
Министрлик “Акыркы коңгуроо”, сынактар жана жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестация учурунда, мындан тышкары жаңы окуу жылына даярдануу үчүн окуучулардан жана бүтүрүүчүлөрдөн акча чогултууга тыюу салды.
Бүтүрүүчүлөргө жана алардын ата-энелерине класс жетекчилерге жана мугалимдерге баалуу белектерди берүүгө, кошумча салтанаттарды – банкеттерди өткөрүүгө болбой турганы айтылды.
Бул эрежелерди көзөмөлдөө мектептердин Байкоочу кеңешине жүктөлдү.