Ссылки доступа

Казакстан июлдун аягына чейин Pfizer вакцинасынын миллиондон ашуун дозасын колдонот


Казакстандын Саламаттык сактоо министрлиги июлдун этегине чейин COVID-19 илдетине каршы Pfizer компаниясынын бир миллион 100 миң доза вакцинасын керектөөнү пландап жатат.

Вакцинанын бир бөлүгүнүн сактоо мөөнөтү 30-июнда, калганы 31-июлда соңуна чыгууда. Министр Ажар Гиният шаршембидеги брифингде күнүгө 15 миңдей киши эмделип жатканын билдирди.

17-майга чейин кошуна өлкөдө Pfizer вакцинасынын биринчи дозасын 1 119 846, эки дозасын 989 564 киши алды.

Сөз болгон препарат менен жапырт эмдөөгө Казакстанда быйыл мартта уруксат берилген. Министр Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму пандемия кандай өнүгөрүн азыр так билбегендиктен, эмдөө жана кайра эмдөө уланууга тийиш деп айтты.

Бардыгы болуп өлкө коронавирус менен күрөшкө 894 миллиард (2 миллиард доллар) тенге коротту.

XS
SM
MD
LG