Ссылки доступа

Душанбеде активист Ульфатхоним Мамадшоева кармалды


18-майда укук коргоо органдарынын кызматкерлери Ульфатхоним Мамадшоеваны үйүнөн кармап кетти. Бул тууралуу активисттин туугандарынын бири “Озоди” радиосуна кабарлады.

Ульфатхоним Мамадшоеванын тууганы, журналист Марат Мамадшоевдин айтымында, таңкы саат сегизде Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети менен Башкы прокуратуранын кызматкерлери активисттин Душанбедеги үйүнө келип, аны кармап кетишкен. УКМК Марат Мамадшоевди комитетке чакырган.

Бийлик азырынча активисттин кармалганы тууралуу расмий кабар тараткан жок. Маалыматты да өз булактар аркылуу тактоого мүмкүн болбой жатат. Бирок Ульфатхоним Мамадшоеванын кармалганын соцтармактардын колдонуучулары жана башка журналисттер кабарлоодо.

Мурда “Азия-Плюс” гезитинин редактору болуп иштеген Марат Мамадшоевдин айтымында, Ульфатхонимге каршы кылмыш иши козголгон эмес, бирок ал беш сааттан бери камакта отурат. Активисттин үйү тинтилген, бирок шектүү эч нерсе табылган эмес.

Тажикстан ИИМи 17-майда Ульфатхоним Мамадшоеваны “мыйзамсыз митинг уюштурууга” айыптаган. Дал ушундай эле айып Бадахшандын бейрасмий лидерлеринин бири Мамадбокир Мамадбокиров менен тыюу салынган Тажикстандын Улуттук альянсынын төрагасынын орун басары Алим Шерзамоновго да тыгылган.

XS
SM
MD
LG