Түзөтүү мекемелери орус аскерлеринин жана Донбасстагы жикчилдердин өкүлдөрүнүн көзөмөлүндө.
Орусия Коргоо министрлигинин маалыматына караганда, “Азовсталдан” 959 аскер чыгарылды, алардын 51и Донецк облусундагы Новоазовска ооруканасына жеткирилди.
17-май күнү кечинде агенттик “Азовсталь” заводунун аймагынан украин аскерлери отурган жети автобус чыкканын маалымдаган.
17-майда Украинанын коргоо министринин орун басары Анна Маляр "Азовсталдан" чыгарылган украин аскерлерин айырбаштоо боюнча сүйлөшүүлөр уланып жатканын айткан.