Ссылки доступа

Батыш өлкөлөрү Тоолуу Бадахшан боюнча билдирүү жасашты


Хорог шаары. 16-май 2022-жыл
Хорог шаары. 16-май 2022-жыл

Тажикстандагы бир катар Батыш өлкөлөрүнүн элчилери Тоолуу Бадахшан облусундагы адам өмүрүн алган кагылышууга жана ички чыңалууга терең тынчсыздануусун билдиришти.

Расмий маалыматтарга ылайык, жергиликтүү жашоочулар менен Хорогдогу өкмөттүк күчтөрдүн кагылышуусунан жана Рушан районундагы "антитеррордук операциядан" 10 киши өлүп, 27си жаракат алды. Набыт кеткендердин бири – аскер кызматкери. 70тен ашуун жергиликтүү тургун кармалды.

Душанбедеги Европа Биримдигинин өкүлчүлүгү, Франция, Германия, Улуу Британия жана АКШ элчилиги 18-майда бирдиктүү билдирүү жасап, тараптарды абалды тынчытуу үчүн бардык күчтү жумшоого, сабырдуулук көрсөтүп, күч жана кыйноо колдонбоого чакырды.

"Биз тажик өкмөтүн укук коргоо органдарынын мыйзам чегинде иш алып баруусун, коопсуздукка байланыштуу кризистик учурларда да адамдын негизги укуктарын жана эркиндигин камсыздоого чакырабыз", - деп айтылат билдирүүдө.

Тажикстандын бийлиги бул боюнча комментарий бере элек.

Учурда Тоолуу Бадахшан автоном облусу менен байланыш жок болгондуктан, ал жактагы абал боюнча толук маалымат алуу мүмкүн эмес.

Байланыш үзүлө электе жергиликтүү тургундар Рушанда эч кандай куралчан топтор болбогонун, атышууда карапайым кишилер мерт кеткенин "Озоди" радиосуна билдиришкен. Алардын айрымдары атайын операциянын жүрүшүндө ондон ашык жергиликтүү тургун окко учканын, бир тобу жараат алганын айтып беришкен.

Ушул эле күнү тажик Ички иштер министрлиги Тоолуу Бадахшанда "антитеррордук операция" башталганын жарыялаган.

"17-майда уюшулган кылмыш тобунун мүчөлөрү коомдук-саясий кырдаалды дестабилдештирүү максатында Душанбе-Кулма эл аралык автожолунун участогун мыйзамсыз бууп салышты",- деп билдирген Ички иштер министрлиги.

Мекеме ал окуяга "чет өлкөлүк күчтөр аралашканын, курал-жарак сырт жактардагы уюмдардан алынганын, теракттарды, чагымчыл аракеттерди жасоо үчүн согушкерлер жалданганын" кошумчалады. Ал кайсы уюмдар экени такталган жок.

Күн мурун министрлик 16-майда облус борбору Хорогдо милицияга кол салгандардын бири, жергиликтүү тургун каза тапканын билдирген.

16-майда милиция шаар борборуна багыт алган жаштардын тобун токтотуу үчүн көздөн жаш чыгаруучу газ жана желим окторду колдонгону кабарланган.

Андан мурда, 14-майда Хорог шаарынын жүздөгөн тургундары митингге чыгып, Тоолуу Бадахшан автоном облусунун башчысы Алишер Мирзонаботтун жана шаардын мэри Ризо Назарзоданын отставкага кетишин, шаардын борбордук бөлүгүндөгү блокпостторду алып салууну, Бадахшандын тургундарын куугунтуктоону токтотууну талап кылышкан.

Өткөн айда Улуттар Уюмунун эксперттер тобу Тоолуу Бадахшан облусунда күчөп бараткан чыңалууга тынчсызданып, тажик бийлигин "Памирдеги азчылыкты" коргоого жана аймактагы адам укуктарын сактоого чакырган.

XS
SM
MD
LG