Ссылки доступа

Казакстан менен Кытай өзөктүк материалдарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы бирге күрөшөт


Казакстан менен Кытай өзөктүк материалдарды мыйзамсыз айлантууга каршы бирге күрөшөт.

19-майда Казакстан Сенаты эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн чек арадан тыюу салынган ядролук материалдар менен радиоактивдүү калдыктардын өтүшүнө каршы биргеликте күрөшүүгө мүмкүндүк берген келишимди ратификациялады.

"Бул документ ядролук, радиациялык кооптуу заттарды мыйзамсыз өткөрбөө максатында тараптардын бажы тармагында кызматташуусун кеңейтүүгө жана тереңдетүүгө мүмкүндүк берет. Атап айтканда, заманбап технологияларды киргизүү маселелери боюнча кызматташуу, биргелешкен окуу-машыгууларды, семинарларды өткөрүүгө багытталган", - деди Казакстандын каржы министри Ерулан Жамаубаев.

Аткаминердин айтымында, мыйзам эки өлкөнүн бажы бекеттеринде радиациялык көзөмөл жүргүзүүгө , жарандардын радиациялык коопсуздугун камсыздоого да жол ачат.

Документке ылайык, радиациялык фону белгиленген нормадан ашкан товарлар менен транспорт каражаттарынын чек арадан өтүшүнө тыюу салынат.

Былтыр августта "Казатомпром" улуттук компаниясы эки уран кениндеги үлүшүн кытайлык China General Nuclear Power Corporation (CGNPC) корпорациясына сатканы кабарланган.

XS
SM
MD
LG