Өлкөнүн Экономикалык өнүгүү, Жакырчылыкты кыскартуу, Каржы жана Энергетика министрликтери электр тармагын реформалоо жана газ менен электр энергиясынын керектөөчүлөрүнө социалдык нормаларды киргизүү зарылдыгы тууралуу билдирүү жарыялашты.
Каралып жаткан жеңилдиктерге ылайык, жарандарга белгилүү бир суммага чейин салыштырмалуу төмөнкү баада төлөө мүмкүнчүлүгү берилет. Бирок мекемелердин расмий билдирүүсүндө газ жана электр энергиясына болгон социалдык норманын өлчөмү көрсөтүлгөн эмес.
Мисалы, Кыргызстанда кабыл алынган социалдык нормага ылайык, 700 киловатт-саатка чейин электр энергиясын колдонгон жарандар ар бир киловатт-саатына 0,77 сомдон, андан ашканына 2,16 сомдон төлөшөт.