Ссылки доступа

"Азаттыктын" макаласынан кийин Ашхабад мектептеринде акча чогултуу токтоду


Ашхабаддагы окуучулар (иллюстрациялык сүрөт)
Ашхабаддагы окуучулар (иллюстрациялык сүрөт)

Түркмөнстандын орто мектептеринде иликтөө башталып, окуучулардан акча чогултуу токтотулду.

"Азаттыктын" түркмөн кызматы мындай чара мектептердин керектөөлөрү, анын ичинде ремонт үчүн жапырт түрдө акча чогултуу жөнүндө бир катар материалдар жарыялангандан кийин көрүлө баштаганын кабарлады.

Басылманын макаласында жыл соңунда кенже класстын окуучуларына ремонт үчүн 100 манаттан, бүтүрүүчүлөргө 300 манаттан чогултууга буйрук берилгени жазылган.

"Азаттыктын" макаласынан кийин Билим берүү министрлиги менен прокуратуранын өкүлдөрүнөн турган топ Ашхабаддагы мектептерди кыдыра кыдыра баштады.

"Мындай күтүүсүз текшерүүлөр көптөгөн мектептерде болду. Тынчсызданган мектеп директорлору акча чогултууну токтотушту", - деди ашхабаддык ата-энелердин бири.

Ал арада "Түркмөнстан хроникасы" басылмасы да борбор шаардагы мектептерде акча чогултуу токтотулганын жазды.

Буга чейин "Азаттыктын" түркмөн кызматы ата-энелер мектеп администрациялары ремонт үчүн акча чогултууга мажбурлаганын, баш тарткан учурда балдары төмөн баа менен жазаланарынан кооптонуп жатышканын кабарлаган.

XS
SM
MD
LG