Ссылки доступа

Ооганстан электр энергиясы үчүн Өзбекстан менен Тажикстанга $100 млн. карыз


Ооганстандын Энергетика министрлиги өлкө электр энергиясы үчүн Өзбекстан менен Тажикстанга 100 миллион доллардан ашык карыз экенин билдирди.

Министрликтин өкүлү Ахтар Мухаммад Нусраттын айтымында, ооган тарап карызын төлөөгө даяр, бирок учурда Борбор Азия өлкөлөрүнө, өзгөчө Өзбекстан менен Тажикстанга акча которууда кыйынчылыктар болууда.

Ооганстандын DABS деп аталган энергетикалык компаниясынын мурдагы башчысы Аманулла Голиб Ооганстан Борбор Азия өлкөлөрүнө электр энергиясы үчүн жылына 300 миллион доллар төлөй турганын билдирди.

"Өзбекстан электр энергиясынын көбүн Өзбекстандан сатып алат. Болжол менен жылына 108 миллион долларга. Азыр акча которууда маселе болууда. Украинадагы согуш коңшу өлкөлөр үчүн банк процессин оорлотту", - деди ал.

XS
SM
MD
LG