Ссылки доступа

Жаңы-Өзөндө "ТрубРемЦентр" компаниясынын жумушчулары кайрадан акцияга чыкты


Маңгыстау облусундагы Жаңы-Өзөн шаарында "Озенмунайгаз" компаниясына кызмат көрсөткөн "ТрубРемЦентр" ишканасынын жүздөн ашык жумушчусу кайрадан нааразылык акциясына чыкты. Алар маянаны жогорулатууну жана буга чейинки иш таштоонун катышуучуларына карата куугунтукту токтотууну талап кылууда.

"ТрубРемЦентр" жумушчуларынын кесиптик кошуунунун башчысы Бакытжан Меретаманов ишкана кызматкерлеринин акциясы 13-майда башталганын билдирди. Жумушчулардын айлыкты көтөрүү жана эмгек шарттарын жакшыртуу талабы менен апрелдин ортосунда башталган буга чейинки иш таштоосу эки жумага созулган.

— 5-майда Жаңы-Өзөн соту иш таштоону мыйзамсыз деп таануу тууралуу жумуш берүүчүнүн арызын канааттандырып, алты жумушчуга эскертүү берилген. Сот чечими дароо аткарылышы керек экени эскертилгенден кийин биз ошол эле күнү ишке чыкканбыз. Бирок 6-майда бизди таратып, модернизация башталарын билдиришкен", - деди ал.

Меретаманов компания мындай жол менен жумушчулардын жаңы иш таштоосуна жол бербөөгө аракет кылган деп эсептейт. "Ишканадагы жабдуулар эскирген. Алар модернизация деп коюп, эскирген жабдууларды жаңысына алмаштыруунун ордуна аларды оңдогону жатат деп ойлойм. Иш орундарыбызда шарттар жок. Эмгек жана техника коопсуздугу сакталган эмес", — деди Меретаманов.

Анын айтымында, жумушчулар буга чейин эмгек шарттарына даттанып жергиликтүү аткаруу органдарына гана эмес, Башкы прокуратура менен Эмгек жана социалдык коргоо министрлигине да кайрылышкан. Бирок эч кандай жооп болгон эмес.

Жумушчулардын талаптары боюнча "ТрубРемЦентр" компаниясынын директору Нурлан Ишановдон комментарий алууга мүмкүн болгон жок. Буга чейин ал жумушчулардын айлыгы жогору экенин айтып, алардын талаптарын негизсиз деп атаган.

"ТрубРемЦентр" "Озенмунайгаз" компаниясы иштетип жаткан кендердеги мунай скважиналарын оңдоо жана тазалоо менен алектенет. Ишкана жумушчулары өткөн айдан бери айлыкты 60% жогорулатууну, куугунтукту токтотууну, жабдууларды жаңысына алмаштырууну жана сыйакылар менен социалдык пакетти көбөйтүүнү талап кылып келишет.

XS
SM
MD
LG