Маалыматка караганда, активистке каршы "Конституциялык түзүлүштү күч менен өзгөртүүгө ачык чакырык жасоо" беренеси менен кылмыш иши козголгон. Эгер ал күнөөлүү деп табылса 8 жылдан 15 жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратылышы мүмкүн.
19-майда Тажикстан ИИМи Ульфатхоним Мамадшоева менен анын мурдагы күйөөсү Холбаш Холбашовду Тоолуу Бадахшан автоном облусундагы башаламандыктардын уюштуруучулары деп атаган.
Мамадшоева 18-майда Душанбеде кармалган. Азырынча Холбашовдун кайда экени белгисиз. Анын кармалганы тууралуу расмий билдирүү жок. 18-майда Pamir Daily News сайты Холбашов Согд облусунда кармалганын жазган.
Тажикстан ИИМи 19-майда Тоолуу Бадахшандагы "террордук топторду" курал-жарак жана ок-дары менен экстремисттик-террористтик уюмдун издөөдө жүргөн мүчөсү Алим Шерзамонов жана анын шериктери Холбаш Холбашев менен Ульфатхоним Мамадшоева камсыз кылганын билдирген. Мурдараак Шерзамонов менен Мамадшоева Тоолуу Бадахшандагы нааразылык акцияларга тиешелери жок экенин билдиришкен.
ИИМдин маалыматына ылайык, Рушан районунда 18-майдагы "контртеррористтик операциянын" жүрүшүндө сегиз киши өлүп, 11и жараат алып, 114 адам кармалды. Жергиликтүү тургундар 21 киши каза болгонун билдирүүдө.
Тоолуу Бадахшанда кырдаал 14-майдан баштап курчуган. Хорог шаарынын жүздөгөн тургуну митингге чыгып, Тоолуу Бадахшан автоном облусунун башчысы Алишер Мирзонаботтун жана мэр Ризо Назарзоданын кызматтан кетишин, шаардын борбордук бөлүгүндөгү блокпостторду алып салууну, Бадахшандын тургундарын куугунтуктоону токтотууну талап кылышкан. 16-17-майдагы акцияларда жергиликтүүлөр менен полиция кагылышып, бир нече адам өлгөн.