Ссылки доступа

ЕАЭБ президенттеринин Бишкектеги жыйынына Токаев гана келет


Жогорку Евразия экономикалык кеңештин (ЕЭК) 27-майда Бишкекте пландалган жыйыны видеоконференция форматында өткөнү калды. Бул тууралуу 20-майда Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев журналисттерге айтты.

Ал Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттердин президенттеринин жолугушуусу эмне себептен онлайн форматта өтөт деп чечилгенине түшүндүрмө берген жок.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин Кыргызстанга расмий сапары 26-майда башталат.

Коңшу өлкөнүн президенти 27-майда Жогорку Евразия экономикалык кеңештин (ЕЭК) видеоконференция форматында саммитине жана Бишкекте өтө турган пленардык жыйындарга катышат.

Арзыбек Кожошев президент Садыр Жапаров менен Касым-Жомарт Токаевдин жолугушуусунда эки өлкөнүн чек арасында жүк ташуудагы маселелер да талкууланарын билдирди.

“Албетте, бул маселе каралат. Казакстан тарап көйгөйдү толугу менен чечкенге даяр. Бул президенттердин жолугушуусунда карала турган маселелердин ичине кирет”, - деди Кожошев.

Өткөн айда кыргыз-казак чек арасындагы “Ак-Тилек” өткөрмө бекетинде жүк ташыган автоунаалардын узун кезеги пайда болгон. Бишкек “Казакстан жүк ташууда Евразия экономикалык биримдигинин шарттарын аткарбай жатат” деп айыптаган.

Казак-кыргыз чек арасында маал-маалы менен жүк ташуучу унаалардын кээде бир нече чакырымга созулган узун кезеги болуп турат.

Видео

XS
SM
MD
LG