Ссылки доступа

"Ал жер тозок". Зеленский орусиялык күчтөр Донбассты толугу менен кыйратканын билдирди


Украинанын президенти Владимир Зеленский орус аскерлери Донбассты "толугу менен кыйратканын" билдирди.

Зеленский 19-май күнү кечинде видеокайрылуу жасап, орус күчтөрү көбүрөөк украиндерди өлтүрүүгө жана көп чыгым келтирүүгө умтулуп жатканын айтты. Ал Орусия геноцид жасап жатат деген айыптоосун кайталады.

"Ал жер тозок – бул көбүртүп-жабыртуу эмес", - деп кошумчалады Зеленский. Ал 19-майда Северодонецктеги аткылоодон 12 киши өлгөнүн айтты.

"Одесса облусуна, борбордук Украинанын шаарларына дайыма сокку уруу улантылууда, Донбасс толугу менен кыйрады", - деди ал.

Зеленский 19-майда Улуу Британиянын премьер-министри Борис Жонсон жана Еврокомиссиянын төрайымы Урсула фон дер Ляйен менен бир катар маселелер боюнча сүйлөшкөнүн, анын ичинде айыл чарба азыктарынын экспорту жана "Азовсталдагы" баатырларды эвакуациялоо" жөнүндө сөз болгонун билдирди.

Кызыл Чырым эл аралык комитети орус күчтөрүнүн камоолунда калган Мариупол шаарындагы "Азовсталь" заводунан Орусия чыгарып кеткен украин аскерлерин каттап баштаганын маалымдаган.

Кызыл Чырым эл аралык комитетинин билдиришинче, аскерлердин өздүк маалыматтары, анын ичинде аты-жөнү, туулган жылы жана жакын туугандарынын ысымдары документтештирилип жатат. "Бул ким колго түшкөнүн тактоого жана алардын үй-бүлөлөрү менен байланышын камсыздоого жардам берет", - деп айтылган билдирүүдө.

XS
SM
MD
LG